Шольц: «Биз Францияда эмне болуп жатканын тынчсыздануу менен карап жатабыз»
Германияда Франциядагыдай окуялардын болушун күтпөгөнүн белгилеген Шольц, мунун эч кандай белгиси жок экенин айтты.
2006142
Германиянын канцлери Олаф Шольц 27-июнда Францияда полиция огунан каза болгон алжирлик жаш жигиттин нааразылык акцияларын тынчсыздануу менен байкап жаткандарын билдирди.
Шольц, Франциядагы окуяларга байланыштуу Германиянын Биринчи Телеканалына (ARD) билдирүү жасап: «Биз Франция менен доспуз, Европа Биримдигинин жакшы иштешине келгенде экөөбүз тең жуп болуп иштейбиз, бул биздин жалпы келечегибиз үчүн абдан маанилүү. Ошондуктан, албетте, тынчсыздануу менен карап жатабыз»,-деди.
Шольц, Франциядан тартылган көрүнүштөр абдан жаман болсо да, бул өлкөнүн туруксуз болушун күтпөгөнүн белгиледи.
Германияда Франциядагыдай окуялардын болушун күтпөгөнүн белгилеген Шольц, мунун эч кандай белгиси жок экенин айтты.