Шольц расизмге каршы күрөшкө басым жасады

Германияда расизмдин бир чындык экенин белгилеген Шольц муну бирге жеңүү керектигин баса белгиледи.

2005884
Шольц расизмге каршы күрөшкө басым жасады

Германиянын канцлери Олаф Шольц расизмге, антисемитизмге жана мусулмандарга каршы жек көрүүчүлүккө орун болбошу керектигин айтты.

Шольц 1-июль Мусулмандардын расизмге каршы күрөшүү күнүнө карата Твиттерде пикирин бөлүштү.

Германияда расизмдин бир чындык экенин белгилеген Шольц муну бирге жеңүү керектигин баса белгиледи.

Расизм менен күрөшүү үчүн аракет кылаарын билдирген Шольц: «Расизмге, антисемитизмге жана мусулмандарга каршы жек көрүүчүлүккө жол берилбеши керек»,-деди.

Германиянын ички иштер министри Нэнси Фазер өлкөдө жашаган 5,5 миллион мусулмандын көбүнүн күнүмдүк жашоодо дискриминацияга жана четтетүүгө дуушар болгонун айтты.

2023-жылдын январынан апрелине чейин Германияда исламга каршы 124 кылмыш жасалган.

Бул мечиттерге кол салуу, коомчулукту козутуу, жарадар кылуу, мазактоо, коркутуу, мүлккө зыян келтирүү же конституцияга каршы келген символдорду колдонуу экени айтылды.

2009-жылдын 1-июлунда египеттик Марва Эл-Шербини оюн аянтчасында анын расизмге дуушар болгондугуна байланыштуу иш каралып жаткан Дрезден провинциясынын сотунда аялы жана 3 жашар уулунун көзүнчө расист Алекс В. тарабынан 18 жолу бычак менен сайылып өлтүрүлгөн.

Күйөөсүн коргоого аракет кылган Элви Оказ да кол салган адамдын бычагынан жаракат алса да, сот залындагы полиция кызматкерлери аны агрессор деп ойлоп, Оказды бутуна атып салышкан. Кол салган Алекс В киши өлтүрүү жана өлтүрүүгө аракет кылуу үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган.

Окуянын мусулмандарга кол салуу болгондугунан улам, мусулмандарга карата жек көрүү, кол салуу жана расизмге көңүл буруу максатында 1-июль мусулмандарга каршы расизмди жок кылуу күнү деп жарыяланган.



Тектеш кабарлар