Индонезияда күчү 6,4 баллга жеткен жер титирөө болду

Жер титирөөдө 1 адамдын каза болуп, 9 адамдын жаракат алгандыгы маалымдалды.

2005727
Индонезияда күчү  6,4 баллга жеткен жер титирөө болду

Индонезиянын Ява аралындагы күчү 6,4 баллга жеткен жер титирөөдө  1 адам каза болду.

Индонезиянын метеорология, климатология жана геофизика агенттигинин (BMKG) билдирүүсүнө караганда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:58де Ява аралында күчү 6,4 баллга жеткен жер титирөө болду.

Жер титирөө 25 километр тереңдикте болуп, эпицентринин Йогьякарта аймагына караштуу Бантул шаарынын жээктеринде болгондугу белгиленди.

Йогьякарта аймагында жана Борбордук Ява провинциясында ондогон үйлөрдүн, кеңселердин, саламаттыкты сактоо жана билим берүү борборлорунун жеңил зыянга учурагандыгы билдирилди.

Жер титирөөдө 1 адамдын каза болуп, 9 адамдын жаракат алганы маалымдалып, цунами коркунучу тууралуу эскертүү берилген жок. 

 



Тектеш кабарлар