Путин: «Куранды сыйлабоо Орусияда кылмыш болуп эсептелет»

Путин Орусия Федерациясынын Дагестан автономиялуу республикасынын Дербент шаарына барды.

2005183
Путин: «Куранды сыйлабоо Орусияда кылмыш болуп эсептелет»

Орусиянын президенти Владимир Путин кээ бир өлкөлөрдө Куранды сыйлабоо кылмыш катары каралбай калганын белгилеп: «Биздин өлкөдө бул Конституция боюнча да, Кылмыш-жаза кодекси боюнча да кылмыш болуп саналат»,-деди.

Путин Орусия Федерациясынын Дагестан автономиялуу республикасынын Дербент шаарына барды.

Дербенттин тарыхый мечитине зыярат кылган Путин Дагестандан келген мусулмандардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Мусулмандарды Курман айт майрамы менен куттуктаган Путинге Куран белекке берилди.

Владимир Путин, белек үчүн ыраазычылык билдирип: «Куран мусулмандар үчүн ыйык жана башкалар үчүн да ыйык болушу керек. Башка өлкөлөрдө ага башкача мамиле жасалып жатканын билебиз. Адамдардын диний сезимдерин сыйлашпайт жана бул кылмыш эмес деп айтышат. Биздин өлкөдө бул экөө тең бирдей, Конституция боюнча да, Кылмыш-жаза кодекси боюнча да кылмыш болуп саналат. Биз бул эрежелерди дайыма сактайбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар