Жозеп Боррел Косоводогу чыңалууну азайтуу үчүн аракетке өтүүгө чакырды

Боррелл Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Албаниянын премьер-министри Эди Рама менен жолугушкандан кийин басма сөзгө билдирүү жасады.

2004728
Жозеп Боррел Косоводогу  чыңалууну азайтуу үчүн аракетке өтүүгө чакырды

Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл Косоводогу чыңалууну мүмкүн болушунча тезирээк азайтуу үчүн чара көрүү чакырыгын кайталады.

Боррелл Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Албаниянын премьер-министри Эди Рама менен жолугушкандан кийин басма сөзгө билдирүү жасады.

Европа Биримдиги катары Косовонун түндүгүндөгү чыңалуунун эртерээк азайтылышы  үчүн көптөгөн жолу  чакыруу салгандарын эске салган Боррел  Европа Биримдиги сунуш кылган жол картасынын  тараптар тарабынан  сүйлөшүлүүсүн күтүп жаткандарын айтты. 

Чыңалуунун басаңдашы үчүн тез аракет кылуу керектигин белгилеген Боррел : «Абалдын оорлошунун алдында мүчө мамлекеттердин чыдамы түгөнүп баратат, бул абалга карата чукул чара көрүлүшү керек»,-деди. 

Албаниянын премьер-министри Рама да Косовонун түндүгүндөгү кырдаалдын курчушу Косово менен Сербияга гана эмес, бүткүл аймакка да кесепети тийиши  мүмкүн экендигин айтты.

Мүчө өлкөлөрдүн сабырынын түгөнүп бара жаткандыгына байланыштуу билдирүүсүнөн улам Бореллге ыраазычылык билдирген Рама маселенин чечилиши үчүн Косово, Сербия, Европа Биримдиги жана АКШ орун ала турган жогорку деңгээлдеги бир конференция өткөрүү пикиринин жактырылышынан үмүт кылгандыгын айтты. 

Рама маселе чечилбесе ортого чыга турган жыйынтыктардын  баары үчүн абдан санааркатуучу  болорун билдирди. 

 



Тектеш кабарлар