Индияда бомба жарылды: 1 адам каза болду

«Индиа таймс» гезитинин кабарына караганда, Калькутта шаарынын Муршидабад районундагы манго бактарында бомба жарылды.

2004097
Индияда бомба жарылды: 1 адам каза болду

Индиянын Батыш Бенгалия провинциясынын борбору Калькуттада жардыруу болуп, бир адам каза болуп, үчөө жарадар болду.

«Индиа таймс» гезитинин кабарына караганда, Калькутта шаарынын Муршидабад районундагы манго бактарында бомба жарылды.

Жардыруудан 1 адам каза болуп, 3 адам жаракат алды.

Батыш Бенгалиянын кээ бир райондорунда жана айыл аймактарында июль айында боло турган жергиликтүү шайлоолордун алдында өлкөдө зомбулук күчөй баштаганы, акыркы эки жумалык мезгилде болгон окуяларда 8 кишинин каза болгону жана көптөгөн кишинин жараланганы билдирилди.

Өлкөдөгү саясий партиялар зомбулук үчүн бири-бирин күнөөлөшүүдө.



Тектеш кабарлар