Иранда жасалма ичимдиктен каза болгондордун саны 17ге жетти

Ирандын Эльбурз провинциясынын Кераж шаарында 13-июндан бери жасалма  алкоголдук ичимдиктерден  ууланып каза болгондордун саны 17ге жетти.

2003754
Иранда жасалма ичимдиктен каза болгондордун саны  17ге жетти

Ирандын Эльбурз провинциясынын Кераж шаарында 13-июндан бери жасалма  алкоголдук ичимдиктерден  ууланып каза болгондордун саны 17ге жетти.

Ирандын расмий кабар агенттиги ИРНАнын маалыматына караганда, Эльбурз сотунун төрагасы Хүсейин Фазили Херикенди провинциясында алкоголдук ичимдиктерден уулануу окуяларын иликтөө үчүн өткөрүлгөн атайын иш алып баруу тобунун жыйынынын алкагында басма сөзгө маалымат берди.

Кереж шаарында акыркы 10 күндө жасалма спирт (метанол) ичип, ууланып ооруканага түшкөндөрдүн саны 191ге жеткенин белгилеген Херикенди каза болгондордун саны 17ге жеткендигин айтты. .

Херикенди, алкоголдук ичимдиктерди тараткандарды аныктоо үчүн башталган тергөө ишинин алкагында ушул убакка чейин негизги камсыздоочулар да болгон 9 кишинин камакка алынганын жарыялады.



Тектеш кабарлар