АКШда лабораторияда өндүрүлгөн тоок этинин сатылышына уруксат берилди

Good Meatтан берилген маалыматта бул уруксаттын түздөн түз  жаныбарлардын клеткаларынан өндүрүлгөн тоок этинин эми америкалык керектөөчүлөргө сатыла алат деген мааниге келгендиги белгиленди.

2003058
АКШда лабораторияда өндүрүлгөн тоок этинин сатылышына уруксат берилди

АКШнын айыл  - чарба министрлиги биринчи жолу лабораторияда жаныбарлардын клеткаларынан өндүрүлгөн тоок этинин сатылышын бекитти.

Upside Foods жана Good Meat компаниялары лабораторияда чыгарылган эттерди сатуу үчүн АКШнын айыл  - чарба министрлигинин акыркы уруксатын алгандарын жарыялады.

Good Meatтан берилген маалыматта бул уруксаттын түздөн түз  жаныбарлардын клеткаларынан өндүрүлгөн тоок этинин эми америкалык керектөөчүлөргө сатыла алат деген мааниге келгендиги белгиленди.

Мындан мурда АКШ азык түлүк жана дары  - дармек башкаруусунун сөз болуп жаткан эттин жегенге коопсуз экендигин кабыл алгандыгы эске салынган билдирүүдө Good Meatтын 2020  жана  2021 – жылы да Сингапурда лабораторияда өндүрүлгөн тоок эти үчүн көптөгөн жөнгө салуучунун уруксатын алгандыгы билдирилди.

Билдирүүдө Good Meat тарабынан чыгарылган биринчи тоок этин ашпозчу жана ресторан ээси Хосе Андрес тарабынан АКШнын борбор шаары Вашингтондогу бир ресторанда сатыкка коюла тургандыгы белгиленди.

Upside Foods гезитинен жасалган билдирүүдө да фирма чыгарган тоок этинин Мишелин жылдыздуу ашпозчу Доминик Креннге таандык Сан-Францискодогу Бар Креннде сатыкка чыгары маалымдалды. Ушундайча АКШ Сингапурдан кийин клеткадан өндүрүлгөн эттин сатылышына уруксат берген экинчи өлкө болду.

 

 

 



Тектеш кабарлар