Пентагонго Түркияга кош стандарт жасалганы боюнча суроо...

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Коргоо министрлигинин (Пентагон) басма сөз катчысынын орун басары Сабрина Сингх күнүмдүк маалымат жыйынында журналисттердин суроолорруна жооп берди.

2002603
Пентагонго Түркияга кош стандарт жасалганы боюнча суроо...

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Коргоо министрлигинин (Пентагон) басма сөз катчысынын орун басары Сабрина Сингх, АКШнын Түркия жана Индиянын С-400 (абадан коргонуу системасы) сатып алуусуна каршы өз-өзүнчө позициясы тууралуу суроого: «Эки ар кандай жана такыр башка жагдайлар бар деп ойлойм»,-деп жооп берди.

Пентагондо өткөрүлгөн күнүмдүк маалымат жыйынында бир журналист Сингхге: «АКШ Түркияга С-400 сатып алганы үчүн кээ бир кадамдарды таштаса, Индияга каршы кадам таштабады. Эки башка өлкөгө эмне үчүн эки башка мамиле жасалганы жөнүндө бир аз сүйлөшө аласызбы?» деген суроону берди.

Сингх болсо бардык союздаштарын жана өнөктөштөрүн Орусия менен иштешүүдөн качууга үндөгөндөрүн, анын ичинде Индия жана Түркия да бар экенин белгилеп: «Менин оюмча, эки башка жана такыр башка жагдайлар бар»,-деп айтты.

Орусия биргелешкен ишканалар аркылуу Индия менен коргонуу кызматташтыгын бекемдегени менен, 2022-жылдын 15-сентябрында С-400 ракеталык системаларын да жеткирген.

АКШ болсо Орусия менен Индиянын ортосунда С-400 жеткирилгенине карабастан, Түркияга каршы ишке ашырган Американын душмандарына санкциялар аркылуу каршы күрөшүү мыйзамын (CAATSA) Нью-Дели башкаруучулугуна каршы ишке ашырган жок.

Индиянын ошондой эле 2019-жылы Орусия менен 3 миллиард долларлык Акула моделиндеги суу астындагы кеме келишими бар, анын 2025-жылы жеткирилиши пландалууда.

Бир тараптан Европа Биримдиги (ЕБ) санкция киргизген орус мунайынын эң чоң сатып алуучусу болгон Индиядан тазаланган мунайзат сатып алуусун рекорддук деңгээлде жогорулатты. Бул жагдай Европа Орусияга энергетикалык санкцияларды киргизип жатканда, Индия аркылуу эмбаргодон ашып кетти деген сынга алып келди. Бирок АКШ администрациясы бул маселе боюнча унчукпай келет.



Тектеш кабарлар