Германия Украинага гуманитардык жардам көрсөтөт

Баербок борбор шаар Британиянын кожоюндугунда Лондондо өткөрүлгөн «2023-жылы Украинаны калыбына келтирүү конференциясында» сөз сүйлөдү.

2002689
Германия Украинага гуманитардык жардам көрсөтөт

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Баербок өлкөсүнүн быйыл Украинага кошумча 381 миллион евро гуманитардык жардам берерин билдирди.

Баербок Британиянын кожоюндугунда борбор шаар Лондондо өткөрүлгөн «2023-жылы Украинаны калыбына келтирүү конференциясында» сөз сүйлөдү.

Немис министр Баербок бул жерде сүйлөгөн сөзүндө, эл аралык коомчулуктун Украинанын кайрадан курулуусуна колдоосунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Анналена Баербок: «Германия 2023-жылы Украинага генератордон баштап, жер которгон же үй-жайынан ажырагандарга тамак-аш жана чатырларга чейин ар түрдүү гуманитардык жардам үчүн кошумча 381 миллион евро берет»,-деди.  

Украинанын Европа Биримдигине (ЕБ) мүчөлүгүнө карата да баа берген Бэербок сөзүн мындайча улантты:

«Украинанын калыбына келиши менен Евробиримдикке кирүү процессинин ортосунда көбүрөөк байланыш түзүшүбүз керек деп эсептейм. Биздин максат - Украинаны Евробиримдикке ылайыктуу түрдө кайра курууга жардам берүү. Украинаны мүчөлүк жолундагы реформа аракеттерин колдоого даярбыз. Андыктан Украинанын кошулуу жараяны Германияда келерки жылы боло турган Калыбына келтирүү конференциясында өзгөчө орунду ээлейт».



Тектеш кабарлар