Дональд Трамп өлүм жазасын сунуш кылды

Трамп бир телеканалга берген маегинде  өлкөдө кылмыш деңгээлин төмөндөтүү үчүн өлүм жазасы менен бирге катуу чаралардын көрүлүшү керектигин айтты.

2002528
Дональд Трамп өлүм жазасын сунуш кылды

Америка Кошмо Штаттарынын  мурдагы президенти Дональд Трамп баңги аткезчилиги үчүн соттолгондордун өлүм жазасына тартылышы керектигин айтты.

Трамп бир телеканалга берген маегинде  өлкөдө кылмыш деңгээлин төмөндөтүү үчүн өлүм жазасы менен бирге катуу чаралардын көрүлүшү керектигин айтты. 

Программанын алып баруучусу Брет Байердин  2018 -  жылы Трамп тарабынан бошотулган,  банги зат аткезчилиги үчүн соттолгон Элис Жонсонду белгилеп  анын да өлүм жазасына тартылгандардын  арасында болорун эске салуусу менен Дональд Трамп эгер мындай өкүм күчүнө кирсе, Жонсондун кылмыш жасоодон алыс болорун жактады. 

Трамп баңги затты токтотуунун бир гана жолу аны саткандарды өлүм жазасына тартуу экендигин айтты.

1996 - жылы банги зат сатуу жана арам акча адалдоо менен айыпталып камалган Элис Жонсон 2018-жылы Трамптын өзгөчө мунапысы менен эркиндикке чыккан.

 

 

 



Тектеш кабарлар