Канададагы жол кырсыгы: 15 адам каза болду
Манитоба штатынын Карберри шаарынан өткөн облустар аралык авто жолдо жүк ташуучу унаа менен кызматтык унаа кагышты.
2000507
Канаданын Манитоба провинциясында болгон жол кырсыгынан 15 адам каза тапты.
Канадалык CTV News телеканалынын кабарына караганда, Манитоба штатынын Карберри шаарынан өткөн провинциялар аралык авто жолдо жүк ташуучу унаа менен кызматтык унаа кагышты.
Алгачкы аныктоолор боюнча кырсыктан 15 адам каза тапты.
Окуя болгон жерге барган медициналык топтор жаракат алгандарга жардам көрсөтүп, алардын аймактагы ооруканаларга жеткирилгени белгиленди.
Кырсыкка кабылган кызматтык унаанын майыптар, кары-картаңдар же кыймылы начар адамдар колдонгон унаа экени маалымдалды.