Ковид  - 19  жардам фондунан 280 миллиард доллардан ашуун каражат уурдалган

АКШда эпидемия мезгилинде Ковид  - 19  жардам фондунан 280 миллиард доллардан ашуун каражаттын уурдалгандыгы, 123 миллиард доллардан ашуун каражаттын да текке кеткендиги билдирилди.

1999964
Ковид  - 19  жардам фондунан 280 миллиард доллардан ашуун каражат уурдалган

 АКШда эпидемия мезгилинде Ковид  - 19  жардам фондунан 280 миллиард доллардан ашуун каражаттын уурдалгандыгы, 123 миллиард доллардан ашуун каражаттын да текке кеткендиги билдирилди.

Associated Pressтин кабарында АКШ өкмөтүнүн Ковид  - 19  жардамы катары  4,2 миллиард доллар бөлгөндүгү белгиленди.

Кабарда окуя «АКШ тарыхынын эң чоң алдамчылыгы» деп мүнөздөлүп, бул суммадан 280 миллиард доллардан ашуун каражаттын уурдалгандыгы, 123 миллиард доллардан ашуун каражаттын да текке кеткендиги маалымдалды.

Тергөөчүлөр жана эксперттер Ковид-19 эпидемиясынын башталышында жардамга бөлүнгөн каражаттарды ылдам түрдө бөлүштүрүүгө аракет кылганы үчүн өкмөттү күнөөлөп, жардамга кайрылуулардагы чектөөлөрдүн абдан аз жана көзөмөлдөөнүн жетишсиз болгондугун айтышты.  Мунун алдамчылардын ишин жеңилдеткендиги ортого салынды.  

Жетекчилер алдамчылардын абактагылардын жана каза болгондордун социалдык коопсуздук номерлерин колдонуу менен жумушсуздук жардам алгандарын белгилешти.

АКШнын адилеттик министрлигинин Ковид – 19  алдамчылары менен күрөшүү бөлүмүнүн директорунун орун басары Майк Галдо жардам фондунун уурдалышы тууралуу : «Бул  болуп көрбөгөндөй чоң алдамчылык»,- деди.  

Вашингтон өкмөтүнүн ушул кезге чейин араларында аскерлер, дин кызматкерлери жана башка кызматкерлер да болгон 2 миң 230дан ашуун кишини алдамчылык менен айыптап жана чара көргөндүгү билдирилди.



Тектеш кабарлар