Европол ПККнын Европа коркунучка айланганын билдирди

Europol тарабынан жыл сайын жарыяланган «Европа Биримдиги (ЕБ) Террордук абалы жана Тренд 2023 отчетунда» террордук уюм ПККнын Европада абдан активдүү экени белгиленди.

2000010
Европол ПККнын Европа коркунучка айланганын билдирди

Европа Биримдиги полиция кызматынын Европолдун маалыматына караганда, жикчил террордук уюм ПКК Европада пропаганда үчүн акча чогултууну улантууда.

Europol тарабынан жыл сайын жарыяланган «Европа Биримдиги (ЕБ) Террордук абалы жана Тренд 2023 отчетунда» террордук уюм ПККнын Европада абдан активдүү экени жана башкаруучулук, жумуш менен камсыз кылуу жана каржылоо максаттарында ЕБге мүчө мамлекеттерди база катары колдонгону белгиленди.

Отчетто Европадагы ашынган солчул адамдардын кагылыш болгон аймактарда террор уюму ПККга кошулганы белгиленип, террордук уюмдун катарында согушуп кайткан бул адамдардын Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр үчүн коркунуч жаратканы баса белгиленди.

ПККнын ЕБдеги ашынган солчул уюмдар жана анархисттик топтор менен жакын карым-катнаштары бар экени белгиленген отчетто бул карым-катнаштардын алкагында Сирияда жайгашкан ЙПГ элементтери турган аймактарда ашынган солчул жана анархист топторго куралдуу машыгуулар берилгени белгиленди.

ЙПГнын Түркия тарабынан ПККнын уландысы катары кабыл алынганы баяндалган отчетто, террордук уюмдун ЕБде чогулткан акчасын Сириядагы ЙПГ согушкерлерине колдоо көрсөтүү үчүн колдонгону баса белгиленди.

ПККнын «кампаниялар» деп аталган каражат чогултуу иш-чаралары менен ЕБ аймагында чоң көлөмдөгү каражатка ээ болгону билдирилген отчетто, террордук уюмдун ЕБ ичинде маңзат соодасы жана аткезчилик аркылуу киреше тапканына көңүл бурулду.

Маалыматта ПККнын террордук уюмдун корбашчысы Абдуллах Өжаландын бошотулушу жана ПККнын террордук уюм тизмесинен чыгарылышы үчүн ЕБде лобби кылганы белгиленди.

Террордун 2022-жылы Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдө олуттуу коркунуч туудурганы белгиленген отчетто, өткөн жылы 93ү Францияда, 46сы Испанияда, 30у Германияда жана  22си Бельгияда болуп Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдө террорчулукка шектелип жалпы 380 киши кармалган.Социалдык медиа жана интернеттин террордук пропаганда жана адамдарды террордук уюмдарга орноштуруу үчүн колдонулганы белгиленди.



Тектеш кабарлар