АКШ Швециянын Түркияга берген убадасын орундаткандыгын билдирди

Жан-Пьер күнүмдүк маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1999608
АКШ Швециянын Түркияга берген убадасын орундаткандыгын билдирди

АКШда Ак үйдүн катчысы Карине Жан-Пьер Швециянын НАТО саммитинин алкагында Түркияга берген убадаларын аткаргандыгын айтты.

Жан-Пьер күнүмдүк маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Швециянын жикчил террордук уюм ПКК менен байланышы бар туткунду Түркияга өткөрүп берүү чечимин эске салган Жан-Пьер : «Ушундайча Швеция НАТО саммитинде Финляндия жана Түркия менен келишим түзгөн үч тараптуу Макулдашуу келишиминин негизинде берген убадаларды орундатты»,- деди.

Швеция ишке киргизген «террор менен күрөшүү мыйзамынын да» буга кошулгандыгын баса белгилеген Жан  - Пьер : «Шевция НАТОнун баалуулуктарын бөлүшкөн, биримдикти күчтөндүрө турган жана Европа коопсуздугуна салым кошо турган күчтүү, жөндөмдүү  коргонуу өнөктөшү»,- деди.

Ак үйдүн катчысы ушул себептен  «Швециянын эртерээк НАТОго мүчө болушу керектигине» ишенгендерин жана бул тууралуу үмүттүү болууну уланта тургандыгын» билдирди.



Тектеш кабарлар