АКШ Иран менен дипломатиялык мамилесин калыбына келтирди деген доомат

The Wall Street Journal (WSJ) темага жакын булактарга таянган кабарга караганда, АКШдагы Жо Байден башкаруучулугу Тегерандагы америкалык туткундардын бошотулушу жана өнүгүп жаткан өзөктүк программасын ооздуктоо максатында Иран менен сүйлөшүүдө.

1999790
АКШ Иран менен дипломатиялык мамилесин калыбына келтирди деген доомат

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Иранда камактагы жарандарын бошотуу жана анын өзөктүк иштерин чектөө максатында Тегеран менен дипломатиялык алакаларын акырындык менен калыбына келтиргени айтылган.

The Wall Street Journal (WSJ) темага жакын булактарга таянган кабарга караганда, АКШдагы Жо Байден башкаруучулугу Тегерандагы америкалык туткундардын бошотулушу жана өнүгүп жаткан өзөктүк программасын ооздуктоо максатында Иран менен сүйлөшүүлөрдү акырындык менен кайра баштаган.

Кабарда декабрь айында Нью-Йоркто башталган эки өлкөнүн жогорку даражалуу жетекчилеринин жолугушуусунан кийин Ак үйдүн жооптуу кызматкерлери Оманга эң аз үч жолу барганы жана Оман жетекчилеринин эки өлкөнүн ортосундагы билдирүүлөрдү жеткиргени айтылган.

Буга ылайык, камактагылардын бошотулушу жана алардын өзөктүк иш-аракеттеринин чектелиши үчүн Тегеран администрациясы АКШнын чет өлкөлөрдөгү санкцияларына кошулган миллиарддаган долларлык энергия кирешесин алууну каалайт.

Эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштардын кайра башталышы менен Вашингтон Ирактын Иранга мурда экономикалык санкциялардан улам тоңдурулган электр энергиясы жана газ импорту үчүн төлөгөн 2,7 миллиард доллар төлөмүн да бекиткени айтылды.

Бирок расмийлер сөз болуп жаткан трансфер сүйлөшүүлөргө көз каранды эмес, «күнүмдүк» болгонун жана ушуга окшогон каражаттар мурда бошотулганын белгилешти.

АКШ администрациясы Иран менен сүйлөшүүлөр жана келишимдер тууралуу кабарды расмий түрдө ырастай элек.

Иран менен Орусиянын коргонуу тармагындагы кызматташтыгы тереңдегенин ырастаган Вашингтон жакында эле Тегеран Орусияда жаңы учкучсуз учуучу аппараттарды чыгаруучу ишкана куруу үчүн Москвага жардам берип жатканын жана алар буга тынчсызданып жатканын жарыялады.



Тектеш кабарлар