Нигерияда Боко Харамга карата операция жүргүзүлдү

Нигериянын Борно штатында террордук уюм Боко Харамга карата жүргүзүлгөн аба операциясында уюмдун 100дөн ашуун мүчөсү жок кылынды.

1999141
Нигерияда Боко Харамга карата операция жүргүзүлдү

Нигериянын Борно штатында террордук уюм Боко Харамга карата жүргүзүлгөн аба операциясында уюмдун 100дөн ашуун мүчөсү жок кылынды.

Улуттук маалымат каражаттары кабарлагандай, армия Боко Харам мүчөлөрүнүн жолугушуусу учурунда Борно штатындагы Мандара тоосуна абадан сокку урган.

Операцияда 100дөн ашуун террорист жок кылынды, көп сандаган террорист жараланып качты.

Нигерияда 2000-жылдардын башында чыккан Боко Харамдын  2009-жылдан бери жасап келе жаткан массалык зомбулук аракеттеринде 20 миңден ашуун киши каза болду.

2015 -  жылдан бери өлкөнүн чек ара коңшулары Камерун, Чад жана Нигерде  кол салууларды ишке ашырган уюмдун Чад көлүнүн ойдуңундагы кол салууларда да кеминде  2 миң киши каза болгон.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар