Бельгияда жылуулук толкуну

Брюсселде дем алыш күндөрү абанын температурасы 31 градустан ашты.

1998595
Бельгияда жылуулук толкуну

Бельгиянын Королдук метеорологиялык институту, соңку апталарда жогорку температуранын жана жаан-чачындын жоктугунан улам "жылуулук толкуну" болоорун эскертти.

Булуттуу жана жаан-чачындуу аба ырайы менен белгилүү Бельгиянын борбор шаары Брюсселде дем алыш күндөрү абанын температурасы 31 градустан ашты.

Өлкөнүн эң бийик жери Арденн аймагында абанын температурасы 25-27 градус деңгээлинде өлчөндү.

Королдук метеорологиялык институт "жылуулук толкуну" боюнча эскертти.

Озондун булганышынын да жогору болоорун белгилеген институт, озон планын ишке киргизди.

Өлкөдө ысык жана кургак аба ырайынын кеминде дагы бир жумага созулаары күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар