Кытай Ковид - 19 эпидемиясында жаңы инфекция толкунун өткөрүүдө

Кытайда жаңы типтеги коронавирустун Омикрон суб – варинаты XBBдан келип чыккан эпидемияда июнь айынын башынан бери жумасына 11  миллион бейтап саны менен эң жогорку чегине жетиши күтүлүүдө.

1997662

Борбору Лондон болгон саламаттыкты сактоо боюнча маалыматтар жана анализдөө компаниясы Airfinity тарабынан жарыяланган маалыматта эпидемиянын 112 миллион кишиге таасирин тийгизиши болжолдолуп жаткнадыгы билдирилди.  

Компания бул инфекция толкунунда 629 миң өлүм  -  житимдин болорун болжолдоп жатат.

Airfinityнин Ковид  - 19  эпидемиологу, доктор Тишя Венкатраман, Кытай алты ай мурун өткөргөн чоң эпидемия толкунунун кеңири жайылган табигый иммунитетти камсыз кылганын жана ошол күндөн бери эмдөөдө дагы көп ийгиликтерге жетишкендерин айтып : «XBB суб-вариантынын таасирине карабастан, Кытайда кичине масштабда жана анча оор эмес экинчи толкунду күтүүдөбүз",- деди.

Венкатраман ооруканаларда жана өлүкканаларда кыш айларындагыдай жыш эмес экенине көңүл буруп : "Уланып жаткан толкун кичине масштабда болсо да, Кытайда калктын улгайып баратканына байланыштуу ири масштабдагы өлүмгө алып келиши мүмкүн",- деп айтты.

Тектеш кабарлар