БУУ: "Нью-Йорктогу түтүн климаттык кризистин символу"

БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик күнүмдүк пресс-конференцияда билдирүү жасады.

1997452
БУУ: "Нью-Йорктогу түтүн климаттык кризистин символу"

Канададагы токой өрттөрүнөн келип чыккан түтүндүн АКШнын Нью-Йорк жана башка шаарларына чейин жайылышынын климаттык кризистин символу экени айтылды.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик күнүмдүк пресс-конференцияда, Канададагы токой өрттөрүнүн адамдар себепкер болгон климаттык кризис менен байланышы бар-жоктугу жөнүндө азырынча эч кандай түшүндүрмө берилбегенине көңүл буруп, бир тараптан абанын булганышынын көбүнчө адамдардын жасагандары менен байланышканын айтты.

Дюжаррик Канададагы өрттөрдүн климат адистери менен илимпоздордун температуранын жогорулашына байланыштуу эскертүүлөрүнө да тиешелүү экенин белгилеп: «(Нью-Йоркту түтүн капташы) Бул жана дүйнөнүн көптөгөн жерлериндеги жаман аба, климаттык кризистин символу»,- деди.

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриштин тынымсыз фоссилдик отундардын колдонулушун азайтуу зарылдыгына басым жасаганын эске салган Дюжаррик, дүйнөнүн борбор шаары Нью-Йоркто мындай окуяга күбө болушунун адамдарды мотивациялай турганын үмүт кылганын билдирди.

Гутерриш болсо социалдык медиа аккаунтунан бөлүшкөн фото кайрылуусунда: «Нью-Йорктогу башкы кеңсебизде Канададагы өрттөн улам болгон жаман абанын таасирин сезип жатабыз. Глобалдык жылуулук күчөп жатканда токой өрттөрүн азайтуу абдан маанилүү. Табият менен тынчтыкта ​​болушубуз керек»,-деди.



Тектеш кабарлар