Сауд Арабия Хартумдагы кол салууну катуу айыптады

Сауд Арабия айрым куралдуу топтордун Судандагы элчилик  имаратына жана кошумча имараттарына жасалган кол салууну катуу айыптады.

1997056
Сауд Арабия Хартумдагы кол салууну катуу айыптады

Сауд Арабия айрым куралдуу топтордун Судандагы элчилик  имаратына жана кошумча имараттарына жасалган кол салууну катуу айыптады.

Сауд Арабиянын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта : «тышкы иштер министрлиги Судандагы элчилик жана кошумча имараттардагы кол салуу жана кыйроо, элчилик кызматкрелеринин турак  - жай жана мал  - мүлкүнө жасалган кол салууларды катуу айыптайбыз»,- деп айтылды.

Сауд Арабиянын дипломатиялык миссия жана өкүлчүлүктөрүнө карата түрдүү   кол салууларды толугу менен четке каккандыгы  белгиленген билдирүүдө Судан жана боордош элге коопсуздук жана туруктуулуктун кайтып келишине тоскоол болгон куралдуу топторго каршы туруунун мааниси баса белгиленди.

Суданда армия менен Ылдам колдоо күчүнүн ортосунда эки айга жакын убакыттан бери кагылышуулар болуп, өзгөчө борбор шаар Хартумдагы дипломатиялык миссияларга карата кысым жана кол салуулар болууда.

Элчилик имараттарында кол салууга учураган өлкөлөрдүн арасында Катар, Иордания, Ливия сыяктуу өлкөлөр да орун алууда.

 



Тектеш кабарлар