Майон жанар тоосунун жарылуу ыктымалына карата белги берилди

Филиппиндик жетекчилер  жанар тоого 6 километр алыстыкта жашаган жергиликтүү калкка ыктымалдуу жарылуудан улам аймактан чыгып кетүүлөрү керектигин айтышты.

1997255
Майон жанар тоосунун жарылуу ыктымалына карата белги берилди

 Филиппинде  борбор шаар Маниладагы Майон жанар тоосунун айланасында жарылуу ыктымалына каршы белги берилди.

Филиппиндик жетекчилер  жанар тоого 6 километр алыстыкта жашаган жергиликтүү калкка ыктымалдуу жарылуудан улам аймактан чыгып кетүүлөрү керектигин айтышты.

Өлкөнүн активдүү вулкандарынын бири болгон Майон вулканынан  ысык газ чыгышы, таштардын кулашы жана эки вулкандык жер титирөөдөн кийин аракетке өтүлдү.

Филиппин вулконологиялык жана сейсмологиялык институту ыктымалдуу бир жарылуу ортого чыгарган күлдөрдүн учактарга таасирин тийгизи мүмкүн экендиги боюнча учкучтардын эскертилиши керектигин белгиледи.

Жетекчилер Майон менен бирге Маниланын түштүгүндөгү Таал вулканынын жана Негрос аралынын борборундагы Канлоан вулканынын да кыймылга  келүү ыктымалы менен көзөмөлгө алынгандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар