Еропа Биримдиги 5 өлкөнүн Украинадан дан импорттоону чектөөнү узартты

Европа Биримдиги, Польша, Венгрия, Румыния, Словакия жана Болгариянын Украинадан дан азыктарын импорттоо чектөөсүн 15-сентябрга чейин узартты.

1996095

Европа Биримдиги  Комиссиясы Украинадан айыл чарба продукцияларын импорттоо боюнча жаңы чечимдерин жарыялады.

Буга ылайык Польша, Венгрия, Румыния, Словакия жана Болгария үчүн 2 -  майда ишке ашырылган жана бүгүн акырына чыккан Украинадан буудай, жүгөрү, рапс жана күн карама импорттоосуна карата өзгөчө жана убактылуу чаралар  15 -  сентябрга чейин улантылат.

Бул процессте 5 өлкө, Украина данын башка Европа Биримдигине мүчө өлкөлөргө ташууга тоскоол боло турган чара көрбөйт. 

Бул өлкөлөр олуттуу логистикалык тоскоолдуктарды жана түшүм жыйноо мезгилинен мурда чектүү дан сактоо көлөмүнөн улам Украина данына карата чектөөлөрдүн улантылышын талап кылууда. 

Тектеш кабарлар