Афганистанда губернатордун орун басарына кол салуу болду

Жарылуунун натыйжасында Бадахшан губернаторунун орун басары Мевлеви Нисар Ахмед Ахмеди менен бир кишинин каза болгонун, 6 кишинин жаралангандыгы маалымдалды.

1996105
Афганистанда губернатордун орун басарына кол салуу болду

Афганистандын Бадахшан провинциясынын губернаторунун орун басары Мевлеви Нисар Ахмед Ахмади киши колдуу болду.

Бадахшан губернаторлугунун маданият жана маалымат директору Маазеддин Ахмеди провинциянын борбордук району Фейзабаддын Сот аянтында жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:15те болгон жардыруунун губернатордун орун басары Ахмеди бараткан унааны бутага алганын билдирди.

Ахмеди жарылуунун натыйжасында Бадахшан губернаторунун орун басары Мевлеви Нисар Ахмед Ахмеди менен бир кишинин каза болгонун, 6 кишинин жаралангандыгын айтты.

Жардыруунун жанкечтилик кол салуудан улам болгону билдирилип, кол салуу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким моюнга ала элек.



Тектеш кабарлар