Европа Парламенти Венгриядан күмөн саноодо

Европа Парламенти  Венгриянын 2024-жылы 6 айга созула турган Европа Кеңешинин төрагалыгын аткаруусунан   күмөн санагандыгын белгилеп, Европа Кеңешине керектүү чараларды көрүүгө чакырды.

1994688
Европа Парламенти Венгриядан күмөн саноодо

Европа Парламенти  Венгриянын 2024-жылы 6 айга созула турган Европа Кеңешинин төрагалыгын аткаруусунан   күмөн санагандыгын белгилеп, Европа Кеңешине керектүү чараларды көрүүгө чакырды.

Европа Парламентинин Башкы ассамблеясында Венгрияда мыйзамдын үстөмдүгү, негизги укуктар жана Европа Биримдигинин баалуулуктары боюнча өткөрүлгөн сессиядан кийин добуш берилди.

Солдон борбордук оңго чейин ар бир партия колдогон чечим долбоору 442  добуш менен кабыл алынды. 

Андан кийин Европа Парламентинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, депутаттардын сөз болуп жаткан өлкөдө өкмөттүн  :  «Европа Биримдигинин баалуулуктарын бузуу үчүн атайын жана системалуу аракеттердин" натыйжасында тынымсыз начарлап баратканы белгиленди.

Билдирүүдө буларга орун берилди :  "Европа Парламенти Венгриянын Европа Биримдигинин  мыйзамдарына жана баалуулуктарына баш ийбегендигин жана  кызматташуу принцибинин негизинде 2024-жылы бул милдетти кантип ишенимдүү аткара аларын сурайт. Ошондуктан, ал Кеңештен ылайыктуу чечимди табууну суранат жана  эгер мындай  чечим болбосо  Европа Парламентинин ылайыктуу чараларды көрө аларын эске салат".  

Венгрия демократия жана мыйзамдын үстөмдүгү сыяктуу принциптерде артка кетти деген жүйө менен бир канча убакыттан бери Европа Биримдигинин чынына кабылууда.   2022-жылдын 27-апрелинде Европа Биримдиги  Комиссиясы Европа Биримдигинин каражаттарын максатсыз пайдаланууда деген тынчсыздануудан улам  Венгрияга каршы бюджеттик акцияларды шарттуу берүү процедурасын баштаганын жарыялаган.  Европа Биримдиги  Венгрияганын 30 миллиард еврого жакын грант жана кредитти тоңдурган.

 



Тектеш кабарлар