НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйыны улантылууда

НАТОнун расмий болбогон тышкы иштер министрлеринин жыйыны Вильнюс саммитине даярдык үчүн "Украина" негизги күн тартиби менен улантылууда.

1994064
НАТОнун  тышкы иштер министрлеринин жыйыны улантылууда

НАТОнун расмий болбогон тышкы иштер министрлеринин жыйыны Вильнюс саммитине даярдык үчүн "Украина" негизги күн тартиби менен улантылууда. 

НАТО өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери 11 - 12 -  июлда боло турган Вильнюс саммитинен мурда Норвегиянын борбор шаары Ослодо "Украина" негизги күн тартиби менен чогулду. 

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенбергдин туулган жери Ослодогу тарыхый муниципалитет сарайында өтүп жаткан отурумдан мурда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен массалык маалымат каражаттарына маалымат берди. 

Блинкен отурумга Вильнюстагы лидерлер саммитине кеткен жолдо "абдан маанилүү бир аялдама" катары мүнөздөп, жыйындын Украинанын Россиянын агрессиясын жеңип чыгышы үчүн Украинага колдоо көрсөтүүнүн тездетилиши талкуулана тургандыгын айтты.

Жаңы тоскоол жана коргонуу пландарынын түзүлүшү менен башта Швеция жана башка өлкөлөрдүн биримдикке   мүчөлүккө алуу процессинин  карала турганын белгилеген Блинкен, биимдиктин  мурдагыга караганда дагы бекем биримдикте экенин баса белгиледи.

Столтенберг да  Украина жана Швециянын мүчөлүк күн тартибине кошумча Азия-Тынч океандагы өнөктөштөр менен кызматташуу жана коргонуу чыгымдарын көбөйтүүнүн карала тургандыгын айтып : "Коргонуу  инвестицияларыбыз үчүн 2 пайызды лимитти эмес, минималдуу деңгээл катары карашыбыз керек",- деди. 

Союздаш өлкөлөрдүн өкүлдөрү залдагы ордуларын алгандан кийин үй  ээси Норвегиянын тышкы иштер министри Анникен Хуйтфельдт ачылуу сөзүн сүйлөп : "Жаңы мүчө катары Финляндияга жана өзгөчө Швецияга  "кош келдиңер" деп айткым келет. Жакында жаңы мүчө  болосуңар. Бул менин бүгүн бул трибунадан берген билдирүүм",- деди. Андан кийин отурум массалык маалымат каражаттарына жабык улантылды. 

Жыйынга Түркиянын атынан НАТОдогу туруктуу элчи Левент Гүмрүкчү катышууда. 

 



Тектеш кабарлар