Судандагы окуялар, балдардын өлүмү...

Расмий маалымат агенттиги SUNA билдиргендей, губернатор Фетхуллах ал-Хак Ахмед өзгөчө кырдаал режимин узартуу боюнча жарлык чыгарды.

1993343
Судандагы окуялар, балдардын өлүмү...

Судандын Кызыл деңиз провинциясында өткөн айда жарыяланган өзгөчө кырдаал  бүгүн түндөн баштап 3 айга узартылды.

Расмий маалымат агенттиги SUNA билдиргендей, губернатор Фетхуллах ал-Хак Ахмед өзгөчө кырдаал режимин узартуу боюнча жарлык чыгарды.

Кызыл деңиз коопсуздук комитети мамлекетке кирип жаткан буйрук күткөн кылмыштуу топтордун кармалганын жарыялады.

Комитет коменданттык саат жана өткөрүү пункттарын көбөйтүү сыяктуу катуу чараларды көргөнүн билдирди.

Белгиленген чечимдердин апрель айынын ортосунан бери армия менен кагылышууда болгон жарым аскерлештирилген Ыкчам колдоо күчтөрүнүн (HDK) куралдуу күчтөрүнүн кириши жана буйрук күткөн кылмыштуу топторду таасирсиз кылуу үчүн кабыл алынганы белгиленди.

Судандын Эгемендүүлүк кеңешинин төрагасы жана армиянын командири генерал Абдул Фаттах аль-Бурхан Хартумдун айрым бөлүктөрүндө жайгашкан күчтөрдү текшерип жатып, (HDKга шилтеме кылуу менен) эгер алар «акылдын үнүнө жооп бербесе» аларга каршы «өлтүрүүчү күч» колдонобуз деп коркутту.

Куралдуу күчтөрдүн жеңишке чейин согушууга даяр болорун жана «козголоңчулардын» бул өлкөнү басып ала албастыгын баса белгилеген Бурхан, жеңиштин сөзсүз жакын экенин баса белгиледи.

HDK болсо армияны ок атышпоо келишимин бузганы үчүн айыптап, ок атышпоо келишимине бекем карманып, анын ийгиликтүү болушу үчүн олуттуу иштей тургандарын белгиледи.

Ошол эле учурда саламаттыкты сактоо булактарынан алынган маалыматка караганда борбор шаар Хартумдагы Майгома балдар үйүндө 11 бала каза болду.

Улуттук басма сөздө орун алган кабарда балдардын чыр-чатактар себептүү кээ бир тарбиячылардын качуусу, саламаттыкты сактоо кызматтарынын жетишсиздиги, начар тамактануу жана тез-тез электр жарыгы үзгүлтүккө учурашынан улам каза болгондугу белгиленди.

Тараптар 20-майда АКШ жана Сауд Арабиянын ортомчулугу аркылуу бир жумалык ок ​​атышпоонун 22-май дүйшөмбү күнү саат 21.45тен тарта күчүнө кирээрин жарыялашканын билдиришкен.

Тараптар 29-майда ок атышпоо келишимин дагы 5 күнгө узартууну макулдашканын жарыялашкан.



Тектеш кабарлар