Блинкен: «АКШ Түркияга F-16 сатуу маселесин Швециянын НАТОго мүчөлүгү менен байланыштырбайт»

Блинкен Швециянын Лулеа шаарында Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон менен биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

1993317
Блинкен: «АКШ Түркияга F-16 сатуу маселесин Швециянын НАТОго мүчөлүгү менен байланыштырбайт»

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Жо Байден башкаруусунун Түркияга F-16 сатуу маселесин Швециянын НАТОго мүчөлүгү менен байланыштырбаганын айтты.

Блинкен Швециянын Лулеа шаарында Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон менен биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

Швециянын НАТОго мүчөлүгү тууралуу суроого Блинкен: «НАТОго кирүү - бул процесс. Бул процесстин жүрүшүндө альянстын мүчөлөрү аларды тынчсыздандырган маселелерди көтөрө алышат. Албетте, Түркия акыркы бир нече айда муну жасады»,-деп жооп берди.

Блинкен, Швеция менен Финляндиянын Түркиянын тынчсызданууларын чечүү үчүн укмуштуудай кадам таштаганын белгилеп: «Альянстын бардык мүчөлөрүнүн кээ бир (коопсуздук) тынчсызданууларына көңүл бурушу Түркиянын ийгилиги деп ойлойм. Бирок бул тынчсызданууларды жоюу үчүн так кадамдарды таштоолору да Швеция жана Финляндиянын ийгилиги»,-деп өз баасын берди.

АКШнын Түркияга F-16 сатуусунун Швециянын НАТОго мүчөлүгүнүн бекитилишине көз каранды деген дооматтарга байланыштуу Блинкен экөөнүн эки башка тема экенин айтты.

Блинкен Жо Байден башкаруучулугунун Түркияга F-16ларды сатууну Швециянын НАТОго мүчөлүгү менен байланыштырбаганын, бул сатуунун да АКШнын кызыкчылыгында экенин, бирок эки маселеде тең тез арада жылыштар болушу керектигин белгиледи.

Швециянын премьер-министри Кристерссон да Швециянын НАТОго катышуусуна АКШнын колдоосуна ыраазычылык билдирди.

Кристерссон бир суроо боюнча Түркия менен НАТОго мүчөлүккө байланыштуу карым-катнаштардын уланып жатканын белгилеп, өлкөсүнүн Түркия, Швеция жана Финляндиянын ортосундагы Үчтүк меморандумдун талаптарын аткарганын жактады.

Кристерссон, Түркиянын чечимин сыйлашкандарын белгилеп, «Эми алардын чечимин күтөбүз»,-деди.

Ошол эле учурда Ак үйдүн басма сөз катчысы Карине Жан-Пьер да күнүмдүк маалымат жыйынында АКШнын президенти Байдендин Түркияга F-16 учактарын сатууну көптөн бери ачык айтканын жана Швециянын НАТОго мүчөлүгүнүн бул үчүн бир шарт эмес экенин айтты.



Тектеш кабарлар