Канададагы токой өртү

Галифакс токой өртү менен алпурушуп жатат.

1992700
Канададагы токой өртү

Канаданын Галифакс шаарында токой өртүнөн улам бир жумага чукул кырдаал жарыяланды.

Канаданын түштүк-чыгышындагы Жаңы Шотландия провинциясынын борбору Галифакс токой өртү менен алпурушуп жатат.

Шаар тургундарынын эвакуацияланышына жана электр жарыгынын өчүрүлүшүнө алып келген токой өртүнөн улам шаарда бир жумага чукул кырдаал жарыяланды.

Жалындын турак жайларга жеткени, шаарда бүтүндөй асманды түтүн каптаганы байкалды.

Галифакс муниципалитети тургундарды эшик-терезелерди жаап, аба ырайы жакшырганга чейин үйдө калууга чакырды.

Алгачкы эвакуациялар ишке ашкан Вествуд Хиллсте 10 үй күлгө айланды. Канаданын батышындагы Альберта провинциясында 5-майда башталган токой өрттөрүнөн улам чукул кырдаал жарыяланып, миңдеген гектардык жер күйүп кеткен.



Тектеш кабарлар