Суданда болгон окуялар...

Күбөлөрдүн айтымдарына караганда, борбор шаар Хартумдун батышындагы Мугрен кварталында эки тарап тең оор куралдар колдонулган катуу кагылышууларга күбө болду.

1991812
Суданда болгон окуялар...

Суданда апрель айынын ортосунан бери уланып жаткан Армия менен аскерлештирилген Ыкчам колдоо күчтөрүнүн (HDK) ортосундагы кагылышуу АКШнын жана Сауд Арабиясынын ортомчулугу менен 22-майда кол коюлган бир жумалык ок ​​атышпоо келишимине жана АКШнын санкция киризүү коркутуусуна карабастан кечээ кайрадан тутанды.

Күбөлөрдүн айтымдарына караганда, борбор шаар Хартумдун батышындагы Мугрен кварталында эки тарап тең оор куралдар колдонулган катуу кагылышууларга күбө болду.

Согуштук учактар ​​баш калаанын үстүнөн айланып жүргөндө аймакта катуу жарылуулар угулду.

Тараптар 20-майда АКШ жана Сауд Арабия ортомчулугу аркылуу ок атышпоонун 22-майда жергиликтүү убакыт боюнча саат 21.45тен тарта күчүнө кирээрин жарыялашканын билдиришкен.

Ок атышпоо келишими күчүнө киргенден бир күн өткөндөн кийин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен судандык генералдар акыркы ок атышпоо келишимине баш ийбесе, алар санкцияларга туш болорун эскерткен.

Судандын Коргоо министрлиги кечээ отставкадагы аскерлер менен курал кармай алгандарды мобилизациялоого чакырды.

Борбор шаар Хартум жана анын айланасында кагылышуулар күчөгөн аймактардан өлкө ичиндеги жана айланасындагы коопсуз аймактарга качуулар жана ошондой эле Сирия, Йемен жана Египет сыяктуу жарандары көп өлкөлөрдүн жарандарын эвакуациялоо уланууда.

Ошол эле учурда Судандын батышындагы 5 провинциядан турган Дарфур аймагынын лидери жана Судан боштондук кыймылынын лидери Мини Арко Минави, элди өз мүлктөрүн коргоо үчүн курал алууга чакырды.

Минави Твиттердеги бөлүшүүсүндө,"Жарандарга кол салуулар көбөйдү. Көптөр жарандардын коопсуздугун жана укуктарын тоготпой, улуттук институттарды талкалап жатышат. Ошондуктан мен бардык кымбат баалуу жарандарыбызды, кары-жаш, аял-эркек жана Дарфур элин өз элин коргоо үчүн курал алып, коргоого чакырам",-деп кайрылды.

Куралдуу Судан боштондук кыймылынын лидери Минави да элди колдоого даяр экенин белгиледи.



Тектеш кабарлар