АКШ : "Кремлге карата кол салууну Украинага жасаган болуш керек"

АКШ 3 -  майда Кремлге карата дрон кол салуусунун Украина тарабынан жасалышы мүмкүн экендигин болжолдоп жатат.

1991344
АКШ : "Кремлге карата кол салууну Украинага жасаган болуш керек"

 АКШ 3 -  майда Кремлге карата дрон кол салуусунун Украина тарабынан жасалышы мүмкүн экендигин болжолдоп жатат.

Нью-  Йорк  Таймс гезитине маек берген америкалык жетекчилер АКШ чалгындоосунун кол салуунун ким тарабынан жасалгандыгын так билбегендерин бирок мунун Украина армиясы же чалгындоосуна караштуу бир бөлүктүн Россиядагы жашыруун операцияларынын бири болушу мүмкүн экендигин ортого салды.

Американын чалгындоо мекемелеринин дрон кол салууларынын Россия тарабынан жаңылтуу максатында жасалгандыгын ойлогондорун белгилеген жетекчилер, андан кийин Москва башкаруусуна карата тыңшоолордо орус жетекчилеринин кол салууга таң калуусу жана өз араларында Украинанын жооптуу экендиги  боюнча бирдей пикирге барышкандарын билдиришти.

Украина аскерлеринин арасында Россиянын ичинде жана тышында чектүү санда өз кызматкерлери же тыштан камсыздаган кишилер тарабынан кол салуу жөндөмдүүлүгүнө ээ экендигин белгилеген жетекчилер АКШ чалгындоосунун  орус саясат адиси Александр Дугинин кызы Дария Дугина жана Донбасстагы Украинага каршы видеолору менен таанылган орус блогер  Максим Фоминдин өлтүрүлүшү менен Россия  -  Украина  чек арасындагы  Белгород аймагына карата кол салуулар жана Түндүк Агым куурларына карата саботаждан да Украинанын жооптуу экендигин ортого салышты.

Жетекчилер Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин бул окуядан  мурунтадан кабарынын жок экендигин айтышып, Зеленскийдин жашыруун операциялардын параметрлерин кеңири сактап жана бул операциялардын чечимин чоң өлчөмдө коопсуздук күчтөрүнө калтыргандыгын айтышты.



Тектеш кабарлар