Францияда ар бир 12 минутада жоголгон балдар тууралуу билдирилген

Droit d'Enfance (Балдардын укуктары) Ассоциациясы Дайынсыз жоголгон балдардын эл аралык күнүнө карата ички иштер министрлигинин маалыматына негизделген отчетун жарыялады.

1990848
Францияда ар бир 12 минутада жоголгон балдар тууралуу билдирилген

Францияда 2022-жылы ар бир 12 мүнөт сайын бир бала дайынсыз жоголгон.

Droit d'Enfance (Балдардын укуктары) Ассоциациясы Дайынсыз жоголгон балдардын эл аралык күнүнө карата ички иштер министрлигинин маалыматына негизделген отчетун жарыялады.

Маалыматка ылайык, 2022-жылы ар кандай себептерден улам ар бир 12 мүнөт сайын бир бала дайынсыз жоголгон.

Францияда 2022-жылы 40 миңден ашуун бала "жоголгон" деп катталып,  бул жоготуулардын 37,9 пайызын 15 жашка чейинки балдар түзгөн.

Дайынсыз жоголгон балдар тууралуу билдирүүлөрдүн 63 пайызы 15 жаштан жогорку балдардын ата-энеси менен тил табыша албагандыктан үйлөрүнөн чыгып кеткендиктен жасалган.

Өзгөчө, дайынсыз жоголгондор тууралуу билдирүүлөрдүн олуттуу бөлүгү үйдөн качып кеткен жаш кыздар тууралуу болуп, бул окуялар көбүнчө сексуалдык зомбулукка алып келген.

Дайынсыз жоголгондор тууралуу билдирүүлөр типтүү профилде эмес, бардык социалдык-экономикалык чөйрөлөрдү камтыйт.

Билдирүүлөрдүн бир бөлүгү да өлкө тышында жашаган ата  - энелердин бирөөсү  тарабынан уурдалгандыгы тууралуу.

Отчет балдары уурдалган ата  - энелердин мыйзамдуу жолдор менен кайра алуу үчүн көпкө күрөшкөндүгүн ортого салды. 

 



Тектеш кабарлар