ЭКУнун саламаттыкты сактоо министрлеринин 5-жыйыны Женевада өттү

Жыйында мүчө өлкөлөр ЭКУ аймагында саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыкты арттыруу максатында даярдалган иш-чаралар планы боюнча ой бөлүштү.

1990868
ЭКУнун саламаттыкты сактоо министрлеринин 5-жыйыны Женевада өттү
eit saglik bakanlari cenevre1.jpg
eit saglik bakanlari cenevre.jpg

Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (ЭКУ) саламаттыкты сактоо министрлеринин 5-жыйыны Швейцариянын Женева шаарында өттү.

Түркия, Иран, Пакистан, Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Ооганстан мүчө болгон ЭКУнун 5-Саламаттык сактоо министрлеринин жыйыны Азербайжандын кожоюндугунда 76-Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо ассамблеясынын жыйынынын алкагында БУУнун Женева кеңсесинде өткөрүлдү.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) саламаттык сактоо министри Гүрчаг Алтугра да мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрликтеринин өкүлдөрү катышкан жыйынга байкоочу мүчө катары катышты.

Жыйында мүчө өлкөлөр ЭКУ аймагында саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтыкты арттыруу максатында даярдалган иш-чаралар планы боюнча ой бөлүштү.

Жыйындын соңунда макулдашылган биргелешкен декларацияда Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) Ковид-19га байланыштуу жакында жарыялаган глобалдык өзгөчө кырдаалдын аякташына байланыштуу чечимдин кубатталганы белгиленди.

Эпидемиялык процесс учурунда Ковид-19 менен күрөшүүнүн алкагында мүчө өлкөлөр тарабынан сунушталган проактивдүү чаралардын маанилүүлүгү баса белгиленди.

Саламаттыкты сактоого байланыштуу ушул сыяктуу кырдаалдарга каршы аймактык кызматташтыкты арттыруунун маанисине басым жасалды.

Жыйынга Түркиянын атынан Түркиянын БУУнун Женева кеңсесиндеги туруктуу өкүлү элчи Гүвен Бегеч катышты.



Тектеш кабарлар