Боснияда Капия курмандыктары эскерилди

1995 -  жылы  25 -  май күнү  Босния согушунда Тузла шаарында сербдер тарабынан кыргынга учураган 71 жаран эскерилди.

1990958
Боснияда Капия курмандыктары эскерилди
kapiya katliami kurbanlarini anma1.jpg
kapiya katliami kurbanlarini anma.jpg

1995 -  жылы  25 -  май күнү  Босния согушунда Тузла шаарында сербдердин кыргынына учураган 71 жаран эскерилди.

Босния Герцеговиналыктар «Капия кыргыны» деп атаган окуянын  28 – жылдыгына карата  өткөрүлгөн салтанатка каза болгондордун жакындары, Босния Герцеговинанын президенттик кеңешинин бошняк мүчөсү Денис Бечирович менен  хорват мүчө Зелько Комсич жана башка саясатчылар кыргында каза болгондо үчүн тургузулган эстеликке  гүл чамбар коюп дуа кылышты.

Бул жылы биирнчи жолу президенттик кеңештин бошняк мүчөсү Бечировичтин талабы боюнча Босния герцеговина Федерациясында Капия кыргынына байланыштуу улуттук аза күрүү жарыяланды.

1995-жылы Босния Серб Республикасынын ал кездеги башкы штабынын төрагасы Новак Жукичтин буйругу менен Серб Республикасынын армиясы Капия районун бомбалап 71 адам каза болуп, 124 киши жараланган.

Кыргындын биринчи даражадагы шыкакчы жана жооптуусу серб Жукич Босния Герцеговина соту тарабынан 20 жылга түрмөгө кесилгенине карабастан, дарыланууну  шылтоолоп  барган Сербияда эркин түрдө жашоосун улантууда.



Тектеш кабарлар