Орусия: "Түрк агымы менен Көгүлтүр агымга кол салуу болду"

Орусиянын Коргоо министрлиги билдирүү жасады.

1990404
Орусия: "Түрк агымы менен Көгүлтүр агымга кол салуу болду"

Орусия Кара деңиздеги "Түрк агымы" жана "Көгүлтүр агым" жаратылыш газ түтүктөрүн коргогон орус деңиз флотуна кол салуу болгонун кабарлады.

Орусиянын Коргоо министрлиги, орус согуштук кемеси "Иван Хурстун" Украинанын кол салуусуна дуушар болгонун маалымдады.

Министрликтин Telegram аркылуу жарыялаган билдирүүсүндө, «Түрк агымы жана Көгүлтүр агым жаратылыш газ түтүктөрүн коргогон согуштук кемеге кол салуу болуп, бардык душман катерлери жок кылынды»,-деп айтылды.

Орусиянын Коргоо министрлиги, окуяга тиешелүү делген видеону да бөлүштү.

Видеодо кичинекей катердин алдыга жылып баратканда ок атылганы көрүнүп турат.

Киев администрациясы азырынча бул боюнча билдирүү жасай элек.



Тектеш кабарлар