Кытай балыкчы кемеси Инд океанында чөктү

Кемедеги 17 кытайлык, 17 индонезиялык жана 5 филиппиндик болгон жалпы 39 кишилик экипаждан кабар алына албай жатат.

1987446
Кытай балыкчы кемеси Инд океанында чөктү

Кытай желектүү балыкчы кемеси Инд океанында  чөктү.

Кемедеги 17 кытайлык, 17 индонезиялык жана 5 филиппиндик болгон жалпы 39 кишилик экипаждан кабар алына албай жатат.

Кытайдын түндүгүндөгү Шаньдун провинциясында катталган "Лупэнлайюаню 8" кемесинин кайда экени азырынча белгисиз, издөө иштери уланууда.

Филиппин Жээк коопсуздук кызматы да абалды тыкыр көзөмөлдөп, Кытайдын Маниладагы элчилиги менен байланышта экенин, кеме акыркы жолу көрүлгөн аймактын айланасына издөө-куткаруу топторунун жиберилгенин белгиледи.

Аймактагы эң чоң балыкчы флотуна ээ болгон Кытайда Жээк коопсуздук бөлүктөрү тарабынан кээ кээде колдоо күчү катары колдонулган балыкчы кемелери ачык деңизде көп убакыт өткөрүшөт.

Окуянын себебине байланыштуу азырынча маалымат берилбесе да ачык деңизде бороон жана бийик толкундардын мындай кырсыктарга жол ачышы мүмкүн экендиги белгилүү.

 



Тектеш кабарлар