Конгодогу сел: 438 адам каза болду

Аймакта өткөн аптада нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Чибира дарыясы ташкындаган.

1985100
Конгодогу сел: 438 адам каза болду

Конго Демократиялык Республикасынын Түштүк Киву провинциясында нөшөрлөгөн жамгырдан улам болгон сел апаатында каза тапкандардын саны 438ге жетти.

Конго өкмөтүнүн басма сөз катчысы Патрик Муяйа, өткөн аптада Түштүк Киву провинциясынын Бушушу жана Нямукуби айылдарында болгон сел апаатында дайынсыз жоголгон 26 кишинин жансыз денесинин табылышы менен каза болгондордун санынын 438ге жеткенин билдирди.

Селден каза болгондордун саны боюнча азырынча расмий маалымат жок экенин кабарлаган Муяйа, бейөкмөт уюмдардын айтымына караганда дагы деле 4 миңден ашуун кишинин дайынсыз экенин кошумчалады.

Аймакта өткөн аптада нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Чибира дарыясы ташкындаган.

Тропикалык климаттык зонада жайгашкан Конго, жаан-чачындуу мезгилде табигый кырсыктарга көп дуушар болот.



Тектеш кабарлар