КДРдеги сел каптоолордун кесепеттери

Улуттук басма сөздө орун алган кабарларга караганда сел каптоодо каза болгондордун саны 394кө жетти.

1983734
КДРдеги сел каптоолордун кесепеттери

Конго Демократиялык Республикасынын чыгышындагы Түштүк Киву провинциясында катуу жааган жамгырдын себебинен сел каптоолордон каза болгондордун саны 394кө жетти.

Улуттук басма сөздө орун алган кабарларга караганда, Түштүк Киву провинциясынын Бушушу жана Нямукуби айылдарында эки күн мурда болгон селден кийин дагы 218 кишинин сөөгү табылды.

Ошентип селден каза болгондордун саны 394кө жетти.

Көптөгөн адам дайынсыз жоголгон апаатта издөө-куткаруу иштери уланууда.



Тектеш кабарлар