TCG Anadolu кытай басма сөзүндө

Кытайдагы Caixin журналы макаласы менен TCG Анадолу кемесине токтолду.

1982801
TCG Anadolu кытай басма сөзүндө

TCG Анадолуга кызыгуу артууда.

Түрк деңиз флотунун инвентаризациясына кирген дүйнөнүн биринчи куралдуу учкучсуз учуучу аппарат конуучу (SİHA) кемеси бул ирет Кытай басма сөзүнүн күн тартибинде.

Кытайдагы Caixin журналы макаласы менен TCG Анадолу кемесине токтолду.

«Дипломатия жана шайлоолордо таасир жараткан деңиздеги өнүгүү» аттуу макалада, Түркиянын акыркы жылдарда «Көгүлтүр мекен» доктринасына ылайык деңиздеги кызыкчылыктарына, деңиз күчтөрүнүн бекемделишине көбүрөөк маани бергени баса белгиленди.

«Түркия ата мекендик учак конуучу кемелери менен дүйнөдөгү саналуу өлкөлөрдүн бири болуп калды»,-деп айтылды.

Макалада президент Режеп Таййип Эрдогандын кеменин дүйнөнүн ар бир бурчунда аскердик жана гуманитардык операцияларды аткара ала турганы жөнүндөгү билдирүүсү эске салынды.

Коргоо өнөр жайына инвестициянын көбөйүшү менен Түрк деңиз флотунун дүйнөлүк деңиз күчтөрү рейтингинде онунчу орунга көтөрүлгөнү маалымдалды.

Журнал Түркияда Эрдогандын башкаруусунда деңиздерде энергия булактарын табуу, экономика менен транспортту өнүктүрүү үчүн кадамдар ташталганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар