Трюдо-Зеленский сүйлөшүүсү

Телефон аркылуу сүйлөшкөн эки лидер Украинадагы учурдагы кырдаалды жана Канаданын өлкөнү келечекте кандай колдоорун талкуулашты.

1981726
Трюдо-Зеленский сүйлөшүүсү

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө украин элин колдой турганын дагы бир жолу билдирди.

Канаданын премьер-министрлигинин маалыматына караганда, телефондо сүйлөшкөн эки лидер Украинадагы учурдагы кырдаалды жана Канаданын өлкөнү келечекте кандай колдоорун талкуулашты.

Трюдо өлкөсүнүн Москванын ырайымсыз жана адилетсиз агрессиясына, анын ичинде Орусиянын жарандык буталарга кол салууларына жана украиналык балдарды Орусияга мажбурлап алып кетишине каршы чечкиндүү күрөшүп жаткан Украина эли менен тилектеш экенин баса белгиледи.

Премьер-министр Трюдо Канаданын Украинага зарыл болгон аскердик, гуманитардык, финансылык жана башка жардамдарды көрсөтүү боюнча убадаларын кайталады.

Украинанын адилеттүү тынчтык үчүн дипломатиялык аракеттерин колдогондугун маалымдаган Трюдо, Япониянын Хиросима шаарында өтө турган G-7 саммитине видеоконференция аркылуу катыша турган Зеленскийдин билдирүүлөрүн чыдамсыздык менен күтүп жатканын айтты.

Трюдо менен Зеленский, тыгыз байланышта болууга чечкиндүү экендиктерин да баса белгилешти.



Тектеш кабарлар