Крымдын Севастополь шаарындагы кол салуу

Украинанын Коргоо министрлигинин чалгындоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Андрей Юсов Украинанын RCB басма сөзүнө Севастополдогу мунай сактоочу жайга учкучсуз учуучу аппарат менен жасалган кол салууга баа берди.

1981052
Крымдын Севастополь шаарындагы кол салуу

Орусия мыйзамсыз түрдө аннексиялап алган Крымдын Севастополь шаарындагы орус кампасына кол салууда 40 миң тонна мунай өнүмдөрүн камтыган цистерналар жок кылынды.

Украинанын Коргоо министрлигинин чалгындоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Андрей Юсов Украинанын RCB басма сөзүнө Севастополдогу мунай сактоочу жайга учкучсуз учуучу аппарат менен жасалган кол салууга баа берди.

Мунай сактоочу жайдагы жарылууда жалпы көлөмү 40 миң тонна мунай заты бар 10дон ашык цистерна жок кылынганын белгилеген Юсов, бул мунай өнүмдөрүнүн Орусиянын Кара деңиз флотуна тиешелүү экенин айтты.

«Севастополдогу жардыруу, каза болгон жарандар, анын ичинде Умандагылар үчүн Кудайдын жазасы» экенин билдирген Юсов, ошондой эле Крымдын тургундарына акыркы убакта орусиялык аскерий объектилердин жанында болбоону сунуштады.

Севастополь губернатору деп аталган Михаил Развожаев социалдык тармактагы баракчасына Крымдын Севастополь шаарындагы мунай сактоочу жайга учкучсуз учуучу аппаарат тийгенин билдирди.

Развожаев кол салуудан улам мекемеде өрт чыкканын айтып, 4 цистернанын зыянга учураганы тууралуу маалыматын бөлүштү.



Тектеш кабарлар