Евробиримдикте электр энергиясына жана газга баанын өсүшү

Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин ичинен Дания электр энергиясы үчүн эң көп төлөм төлөгөн өлкө болду.

1979835
Евробиримдикте электр энергиясына жана газга баанын өсүшү

Өткөн жылдын экинчи жарымында Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүндө турак жайларда 100 киловатт-саат электр энергиясы үчүн төлөнүүчү орточо сумма 28,4 евро менен рекордду жаңыртты.

ЕБ өлкөлөрүндө 2021-жылдын экинчи жарымында 100 киловатт-саат электр энергиясы үчүн 23,5 евро төлөнсө, 2022-жылдын экинчи жарымында бул көрсөткүч 28,4 еврого жетти.

Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин ичинен Дания электр энергиясы үчүн эң көп төлөм төлөгөн өлкө болду. Данияда эл 100 киловатт-саат электр энергиясы үчүн 58,7 евро төлөдү. Бельгия 44,9 евро, Ирландия 42 евро, Чехия 38,4 евро, Италия 36,4 евро, Румыния 34,1 евро, Германия 33,6 евро жана Испания 33,5 евро.

Өткөн жылдын экинчи жарымында Евробиримдик өлкөлөрүндөгү турак жайларда колдонулган ар бир 100 киловатт-саат жаратылыш газынын орточо баасы 11,4 евро деп эсептелди. Аталган баа өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде 7,8 евро деп белгиленген.

ЕБ өлкөлөрүнүн ичинен турак жайларда керектелген жаратылыш газы үчүн эң көп төлөм Швецияда 100 киловатт-саат үчүн 27,5 евро, Данияда 20,8 евро жана Нидерландияда 19,3 евро болду.



Тектеш кабарлар