ДССУ жана өнөктөштөрүнөн вакцина кампаниясы баштатылды

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму ДССУ жана өнөктөштөрү  Ковид  - 19  процессинде балдардын арасында төмөндөгөн эмдөө  катнашын арттыруу үчүн жаңы бир кампания баштатты.

1979204
ДССУ жана өнөктөштөрүнөн  вакцина кампаниясы  баштатылды

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму ДССУ жана өнөктөштөрү  Ковид  - 19  процессинде балдардын арасында төмөндөгөн эмдөө  катнашын арттыруу үчүн жаңы бир кампания баштатты.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта ДССУ, БУУнун балдарга жардам фонду ЮНИСЕФ, Билл жана Мелинда Гейтс Фонду, вакцина альянсы GAVI жана башка глобалдык,  аймактык саламаттыкты сактоо өнөктөштөрүнүн  миллиондогон баланын эмделиши үчүн ДССУнун «Иммунизациялоо күн тартиби 2030» стратегиясынын негизинде баштатылган кампанияга катышкандыгы белгиленди.

Билдирүүдө өнөктүк эпидемиялык процесс учурунда саламаттыкты сактоо системаларынын ашыкча жүктөлүшүнө байланыштуу 100дөн ашуун өлкөдө балдардын эмдөө көрсөткүчүнүн төмөндөшүн жоюуну максат кылганы белгиленди.

2021 -  жылы 25 миллион баланын кеминде бир вакцинасынын кем экендиги белгиленген маалыматта : «Кызамык, дифтерия, полиомиелит жана сары безгек сыяктуу алдын ала турган оорулардын эпидемиялары азыртадан эле кеңири жайылып, оор болуп жатат. Акция балдарды вакцина менен алдын ала турган эпидемиялардан коргоого, адамдардын өмүрүн сактап калууга жана улуттук саламаттык сактоо системасын чыңдоого багытталган»,- деп билдирилди.  

Билдирүүдө көз караштарына ору берилген ДССУнун башкы катчысы Тедрос Адханом Гебрейесус өзгөчө аз кирешелүү өлкөлөрдөгү миллиондогон бала жана өспүрүмдүн эпидемиялар күч алган мезгилде эмделбегенине тотолду. 

ДССУнун ондогон өлкөдө эмдөө жана башка саламаттыкты сактоо кызматтарынын мурунку абалына келиши үчүн колдоолорун улантып жаткандыгын эске салган Гебрейесус эмдөөдө мурдагы деңгээлге жетишүүнүн маанилүү алдыңкылык экендигин белгиледи.

Гебрейесус : "Эч бир бала эмдөө менен алдын алууга боло турган оорудан каза болбошу керек",- деди. 

 



Тектеш кабарлар