Бельгиянын премьер-министри өлкөсүнүн Түркияга тилектештигин түшүндүрдү

Де Кро кечээ кечинде борбор шаар Брюсселде мусулман жаштары уюштурган ифтарга катышты.

1976491
Бельгиянын премьер-министри өлкөсүнүн Түркияга тилектештигин түшүндүрдү

Бельгиянын премьер-министри Александр Де Кро, Түркияда 6-февралда болгон жер титирөөлөрдөн кийин өлкөсүнүн Хатайда көчмө оорукана курганын жана колдоону узак мөөнөткө уланта тургандарын белгиледи.

Де Кро кечээ кечинде борбор шаар Брюсселде мусулман жаштары уюштурган ифтарга катышты.

Александр Де Кро бул жерде сүйлөгөн сөзүндө, Түркиядагы жер титирөөлөрдөн кийин Бельгияда жашаган түрк коомчулугуна жана Түркияга тилектештик билдирүүсүн айтып: «Бельгияда ар дайым тилектештик бар жана көптөгөн адамдар күн сайын жардам үчүн жигердүү иштеп жатышат»,-деди.

Өкмөт катары Хатайда оорукана кургандарын эске салган Де Кро: «Бул оорукана дагы эле ал жерде жана күнүнө 70-80 адам дарыланып жатат. Бул оорукана биздин ал жакта көпкө болоорубуздун жана колдоо көрсөтөрүбүздүн белгиси. Бельгия менен Түркиянын ортосундагы бул тилектештик абдан жакшы»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар