Песков: "Кара деңиз эч качан НАТО деңизи болбойт"

Песков, борбор шаар Москвада журналисттерге билдирүү жасады.

1974536
Песков: "Кара деңиз эч качан НАТО деңизи болбойт"

Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Кара деңиздин эч качан НАТО деңизи болбой турганын айтты.

Песков, борбор шаар Москвада Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулебанын: «Кара деңиз Балтика деңизи сыяктуу НАТО деңизи болушу керек»,-деген сөзүнө байланыштуу журналисттерге билдирүү жасады.

Кара деңиздин орток деңиз экенине көңүл бурган Песков: «Кара деңиз бардык жээктеги мамлекеттер үчүн жалпы деңиз. Кызматташуу, өз ара аракеттенүү жана коопсуздук деңизи болушу керек. Ошондой эле бөлүнгүс коопсуздукка ээ болушу керек»,-деди.

Кулебанын билдирүүлөрүндө карама-каршылыктар бар экенин белгилеген Песков: «Кара деңиз эч качан НАТО деңизи болбойт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар