Япониянын премьер - министри G7 саммитинен мурда Африкага барат
Расмий Киодо агенттиги премьер - министр Кишиданын сөз болгон жумада Египет, Гана, Кения жана Мозамбикке барууну пландагандыгын билдирди.
Япониянын премьер-министри Кишида Фумио май айында өткөрө турган G7 саммитинин алдында Африкага барат.
Япон өкмөтүнүн билдирүүсүнө ылайык, Кишида Оогон Шууканга (Алтын жума) туура келген 29-апрелден 5 - майга чейинки эс алуу мезгилинде Африкага барат.
Расмий Киодо агенттиги премьер - министр Кишиданын сөз болгон жумада Египет, Гана, Кения жана Мозамбикке барууну пландагандыгын билдирди.
Кабинеттин башкы катчысы Мацуно Хироказу билдирүүсүндө сапардын негизинде G7нин кезектешен башкаруучусу Япониянын глобалдык көйгөйлөргө каршы Африка өлкөлөрү менен кызматташууга басым жасай турганын белгиледи.
Бир жумага жакын созулушу пландалган Африка туру 2021 - жылы октябрь айында кызматка келген Кишиданын премьер - министр катары жасай турган алгачкы сапары болот.
G7дин лидерлер саммити Япониянын жетекчилигинде Хиросимада өткөрүлөт.
Тектеш кабарлар
Гутерриш Рафахтагы БУУнун ызматкерлерине жасалган кол салууну айыптады
Бул тууралуу БУУнун басма сөз катчысы жазуу түрүндө билдирүү жасады.