АКШнын түштүк жээктеринде деңиз деңгээли көтөрүлдү

Деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнө эмне себеп болуп жатат?

1972892
АКШнын түштүк жээктеринде деңиз деңгээли көтөрүлдү

АКШда жүргүзүлгөн изилдөөнүн натыйжасында 2010-жылдан бери өлкөнүн түштүк жана түштүк-чыгыш штаттарынын жээктеринде деңиздин деңгээли 12 сантиметрге көтөрүлгөнү аныкталды.

Американын метеорология коомунун Климат журналында жарыяланган изилдөө, АКШнын Мексика булуңунун жээгинде деңиз деңгээлинин тез көтөрүлүп жатканына көңүлдөрдү бурду.

Изилдөөдө 2010-жылдан бери аймактын жээктеринде деңиз деңгээлинин жыл сайын 10 миллиметрге жакын жогорулаганы байкалып, мунун да ушул учурга чейин 12 сантиметрге туура келгени белгиленди.

Деңиз деңгээлинин орточо глобалдык жогорулоосунун жылына 4,5 миллиметрди түзгөнү айтылган изилдөөдө, АКШнын Мексика булуңунун жээктеринде байкалган көтөрүлүүнүн «кеминде 120 жылда болуп көрбөгөндөй» деңгээлде экени баса белгиленди.

Изилдөөдө климаттын өзгөрүшүнүн алкагында Мексика булуңунун океандарга караганда тез ысып жатканына жана жылыган суулардын табигый түрдө кеңейип, аймактагы жээктердеги деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнө себеп болгону маалымдалды.

Изилдөөнү жүргүзгөн Аризона университетинен климат боюнча илимпоз Жианжун Йин, аймакта акыркы жылдарда болгон бороон-чапкындардын деңиз деңгээлин дагы да жогорулатканын белгилеп, узак мөөнөттүү келечекте бул көтөрүлүүнүн өзгөчө Техас, Луизиана жана Флорида штаттарындагы жээкке жакын калктуу конуштар үчүн коркунуч жаратаарына көңүл бурду.



Тектеш кабарлар