Кытай армиясы Тайван аралынын айланасында аскердик машыгууларды баштады

Мамлекеттик CCTV телеканалынын кабарына караганда, Кытай Элдик Боштондук Армиясынын (ЧКО) Чыгыш фронтунун командирлиги, «Биргелешкен кылыч» деп аталган аскердик машыгууну баштаганы маалымдалган.

1971997
Кытай армиясы Тайван аралынын айланасында аскердик машыгууларды баштады

Тайвандын президенти Цай Инвэндин Борбордук Америкага жана Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) жасаган сапарларынан кийин Кытай армиясы Тайван аралынын айланасында кургактык, аба жана деңиз күчтөрүнүн катышуусунда биргелешкен аскердик машыгууларды баштады.

Мамлекеттик CCTV телеканалынын кабарына караганда, Кытай Элдик Боштондук Армиясынын (ЧКО) Чыгыш фронтунун командирлиги, «Биргелешкен кылыч» деп аталган аскердик машыгуунун «Кытай куралдуу күчтөрүнүн бир эле учурда аралды ар тараптан курчап алуу менен ага кысым көрсөтүп деңиз, аба жана маалыматты көзөмөлгө алуу мүмкүнчүлүгүн берерин максаттаганы» билдирди.

Командачылыктын басма сөз катчысы полковник Си Йи машыгуу дүйшөмбүгө чейин улана турганын айтып: «Бул Тайвандын көз карандысыздыгын коргогон жикчил күчтөргө жана алардын чет элдик күчтөр менен биргелешкен провокацияларына каршы олуттуу эскертүү»,-деди.

Тайвандын Коргоо министрлиги аралдын айланасында Кытайдын 71 учагы жана 9 согуштук кемеси көрүнгөнүн жарыялады.

Министрликтин билдирүүсүндө, 71 учактын 45инин Тайвань кысыгындагы тараптардын таасир этүүчү аймактарын чектейт деп болжолдонгон аба жана деңиз линиясын түндүк, борбордук жана түштүк тараптан кесип өткөнү жана Тайвань тарабынан «Абадан коргонуунун идентификациялык аймагы» (ADIZ) деп жарыяланган аймакта учканы белгиленди.

Машыгуунун экинчи күнүндө кургактыкта, абада жана деңизде түрдүү согуштук техникалар менен аралдагы жана анын айланасындагы суулардагы «бургулоо буталарына» ок атуу симуляциялары жасалды.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин жогорку даражалуу расмий өкүлү Пекиндин аралдын айланасындагы кыймылдары «жакындан байкалганын» айтты.

Ал АКШ Кытайды«тынымсыз статус-квонун сакталышына жана сабырдуулукка чакырып келгенин», муну менен катар «тынчтык менен стабилдүүлүктү сактоо жана улуттук коопсуздук боюнча милдеттенмелерин аткаруу үчүн тийиштүү ресурстарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ» экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар