Кытай Ковид - 19 тууралуу маалыматтарды жарыялады

Кытайдагы бир изилдөө тобу үч жылдан узун убакыт мурда алынга жана Ковид  - 19  эпидемиясы менен байланышы бар үлгүлөрдүн анализин жарыялады.

1971518
Кытай Ковид  - 19 тууралуу маалыматтарды жарыялады

Кытайдагы бир изилдөө тобу үч жылдан узун убакыт мурда алынга жана Ковид  - 19  эпидемиясы менен байланышы бар үлгүлөрдүн анализин жарыялады.

Хуанань деңиз азыктары жана жапайы жаныбарлар рыногу коронавирустун келип чыгышын издөөнүн чордонуна айланды.

Изилдөө вирустун курамында жапайы жаныбарлардын генетикалык материалды камтыгандыгын ортого алды.  

Кээ бир илимпоздор бул илдетке чалдыккан жаныбарлардан адамга жугушунун дагы бир далили экендигин айтышууда.

«Nature» журналында жарыяланганга чейин башка илимпоздор тарабынан тастыкталган бул жаңы анализ базардагы эсептегичтерден, капастардан чогултулган бул үлгүлөр мазмуну тууралуу  маанилүү маалыматтарды камтууда.

Кытайлык изилдөө тобунун эмгеги жапайы жаныбарлар сатылган аймактардан чогултулган айрым үлгүлөрдүн вирус боюнча жыйынтыгы оң чыккандыгын көрсөттү.

Жарыяланган  жыйынтыктар Америка Кошмо Штаттарында жетекчилердин арасындагы лабораториядан чыккан деген   теориясы күчөгөндөн кийин келди.

Кытай өкмөтү вирус илимий мекемеден чыккан деген дооматтарды кескин түрдө четке какты.

Бирок, Федералдык Тергөө Бюросу (ФБР) жана АКШнын Энергетика министрлиги сыяктуу мекемелер бул сценарийди "ыктымалдуулугу жогору" сценарий деп билдиришти.



Тектеш кабарлар