Тайвань лидеринин АКШ сапары

Тайвань лидери Калифорниядагы Рональд Рейган атындагы президенттик китепканада АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Кевин Маккарти менен жолугушту.

1970902
Тайвань лидеринин АКШ сапары

Тайвандын лидери Цай Ин - вэн Вашингтон-Пекин тирешинин көлөкөсүндө АКШга  расмий эмес сапар менен барды.

Тайвань лидери Калифорниядагы Рональд Рейган атындагы президенттик китепканада АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Кевин Маккарти менен жолугушту.

Жолугушуудан кийин өткөрүлгөн биргелешкен пресс- жыйында Маккарти Тайвань менен болгон байланыштардын эч качан азыркыдай күчтүү болбогонун белгилеп : “Тайванга курал сатууну улантышыбыз керек»,- деди жана соода  жана технология тармагында экономикалык кызматташтыкты чыңдоо боюнча маалымат  берди.

Маккарти  АКШнын ниети Пекин администрациясы менен чыңалууну күчөтүү эмес экендигин билдирди.

Кытай Тайвань лидеринин АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери менен жолугушуусуна каршылык көрсөттү.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта жолугушуу «Бир Кытай» принцибинин бузулушу катары мүнөздөлдү. «Кытай улуттук эгемендүүлүгүн жана жеринин бүтүндүгүн коргоо үчүн чечкиндүү жана таасирдүү чараларды көрөт»,- деп айтылды.

Кытай өткөн жылы мезгилдин АКШ Өкүлдөр парламентинин төрагасы Пелосинин Тайвандагы жолугушууларына кенен масштабдагы аскердик машыгуулар менен жооп берген.

Кытайдын учак конуучу кемеси Shandong болсо Тайвань жээктерине 200 деңиз мили аралыктан көрүнгөн.

Тайвань кемеден  учактын учпагандыгын, кеменин аткарган иштерин жакындан байкагандарын билдирген.



Тектеш кабарлар